РКӨФ республиканын кичи жана орто бизнес (КОБ) өкүлдөрүн колдоого багытталган “Лизингдик операцияларды каржылоо” жаңы продуктусун сунуш кылат. Ишкерлер үчүн бул айыл чарба техникасын, өнөр жай жана башка жабдууларын ыңгайлуу шартта лизингге алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул продукт ЕАЭБдин рыногуна ата мекендик ишканалардын натыйжалуу катышуусуна өбөлгө түзөт. Каражаттарды РКӨФнун коммерциялык өнөктөш банктарынан алууга болот.
Максаттуу топ:
Каржылык лизингдин милдеттери:
Программанын алкагында мурда колдонулуп жүргөн техникалар менен жабдууларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мында амортизациянын өлчөмү өз наркынан 30% жогору болбошу керек. Пайдалуу кызмат көрсөткөн мөөнөтү лизингдин мөөнөтүнөн жогору болушу шарт.
Лизинг алуучулар үчүн негизги шарттар:
Лизингдин максималдуу суммасы:
Бир лизинг алуучу үчүн сумма 1 миллион АКШ доллары эквивалентинен жогору болбошу керек.
Алгачкы төлөм:
Лизинг алуучунун өздүк салымынын өлчөмү лизингдин предметинин наркынан 10%га кем болбошу керек.