«Биз «Хан Манас» турнирин дагы бир жолу колдоп жаткандыгыбыз үчүн кубанычтабыз, анткени мындай иш чараларды өткөрүү ден соолукту чыңдоону популяризациялоого, ар кайсы өлкөлөрдүн спортчуларынын арасындагы достук мамилелерди бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет», – деп Банк Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Термечиков белгилей кетти.
VII эл аралык «Хан Манас» турнири 3 жана 4 декабрда Бишкекте өткөрүлөт жана Кыргызстандын, Казахстандын, Өзбекстандын, Ирандын жана башка өлкөлөрдүн титулдуу дзюдоисттерин чогултат.
Бул иш чара «Кыргыз Эл» Коомдук уюму менен КР Өкмөтүнүн алдындагы жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жана КР дзюдо боюнча Улуттук федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат.
