«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банк» ЖАК Пайыздык кирешени төлөө жана бешинчи эмиссиядагы пайыздык облигациялардын ордун жабуу тууралуу жарыялайт
Облигациялардын ордун жабуу алардын номиналдык наркы (1 000 сом) боюнча ишке ашырылат. Акыркы мезгил үчүн пайыздык киреше алуу жана облигациялардын ордун жабуу укугуна ээ облигация ээлеринин тизмеси 2020-жылдын 2-декабрында аныкталат. Пайыздарды төлөө жана облигациялардын ордун жабуу 2020-жылдын 08-декабрь айынан тартып KICBнин Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 21 дареги боюнча жайгашкан башкы кеңсесинде жүзөгө ашырылат. Сурап-билүү маалыматын 62-01-01 телефонуна чалып же www.kicb.net сайтынан билүүгө болот.
Облигациялардын экинчи чыгарылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан 2017-жылдын 28-ноябрында (KG 0205166919) катталган.