Каракол шаарында 6-февралда «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын филиалы расмий түрдө ачылды! Жаңы филиал «Халык» тобунун бардык талаптарына, тактап айтканда, бөлүмдөрдүн жабдылышы, дизайны жана жасалгасы жагынан бардык талаптарга жооп берет.
Биз Каракол шаарынын тургундарына, жеке жактар үчүн, ошондой эле юридикалык жактар үчүн да:
сыяктуу банктык кызматтардын бардык түрүн көрсөтүп жаткандыгыбызга абдан кубанычтабыз.
Филиалдын расмий ачылышында Банктын жетекчилигинен тышкары, ушул кубанычтуу окуяны биз менен бирге бөлүшүү үчүн атайын келишкен биздин кардарлар жана өнөктөштөр да катышышты. Майрамдык салтанаттуу кызыл лентаны «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Айкын Темиртасович Кабулов жана филиалдын директору Альбина Асанова бирге кесишти.
Альбина Асанова: «Бүгүнкү биздин филиалдын ачылышына катышкандардын бардыгынын жакшы каалоо-тилектери жана жылуу сөздөрү үчүн аларга ыраазычылымды билдирем! Биздин аймактын тургундарына, биздин кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана банктык секторду өнүктүрүү үчүн биз бардык күчүбүздү жумшайбыз»,- деп белгилөө менен сөзүн аяктады.
Бардыгыңыздарды Каракол шаары, Токтогул көчөсү, н/ж (болжолдуу багыт, «Триада-ДМ» СБ имараты) дареги боюнча күтөбүз. Телефон: +996 (3922) 5-51-41.
Иштөө режими: бир жумада беш күн, саат 9:00 дөн 17:30 чейин, тыныгуу 13:00 дөн 14:00 чейин. Дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби.
БАНК ТУУРАЛУУ: