Директорлор Кеңешинин чечими менен «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымынын кызмат ордуна Алия Толюгеновна Чыныбаева 2021-жылдын январынан тартып дайындалды.
Жамаатка жаңы жетекчини Банктын Директорлор Кеңешинин Төрайымы Жаннат Сагындыковна Сатубалдина тааныштырды. Бул тууралуу Банктын пресс-кызматы билдирет.
Алия Чыныбаева Казахстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Россиянын банктык чөйрөлөрүндө 25 жылдан ашык иштеген тажрыйбасы бар. Ошондой эле, ар кайсы убакта ар кандай финансылык уюмдардын Директорлор Кеңешинин курамына кирүү менен корпоративдик башкарууда абдан бай тажрыйбага ээ.
«Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалганга чейин Алия Толюгеновна Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Башкы Директор катары Visa эл аралык компаниясында иштеген.
Башкармалыктын жаңы төрайымынын өмүр баяны менен ушул шилтеме боюнча кененирээк таанышсаңыздар болот.
БАНК ТУУРАЛУУ:
Halyk Bank 1998-жылдан тартып Казакстандын Фондулук Биржасында жана 2006-жылдын октябрынан тартып Astana International Exchange листингине ээ. Банк Казакстандагы эң алдыңкы кредиттик уюм болуп саналат, кардарлардын ири базасына жана филиалдык тармагына ээ – өлкө боюнча 613 филиалы жана бөлүмдөрү бар. Казакстан жана Кыргызстандан башка, Halyk Bank Грузияда, Россияда, Тажикистанда жана Өзбекстанда да банктык операцияларды жүргүзөт.
Банктын байланыш-борбору:
8008 – (кыска номер, КР мобилдик операторлорунан чалуу акысыз);
+ 996 312 988 330;
+996 706 988 330 (W/a, Telegram).