2025-жылдын 12-февралында Кыргызстандын банктар Бирикмесинин Туруктуу Өнүгүү Академиясы кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында Борбордук Азия Экологиялык Изилдөөлөр Институту (CAIER) менен биргеликте, ОАО “Элдик Банк” өкүлдөрү үчүн атайын тренинг өткөрдү.
Иш-чара климаттын күн тартибинин негизги аспектилерине жана каржы секторундагы экологиялык трансформацияга арналды. Тренингдин негизги темалары: Климаттык күн тартибинин негиздери: климаттын өзгөрүшүнүн себептери, кесепеттери жана глобалдык чакырыктар; Климаттын өзгөрүшүн жөнгө салуу; Банктын көмүртектүү изине баа берүү жана отчет берүү; Климаттык маселелерди чечүүдө каржы секторунун жана мамлекеттин ролу; Финансы секторунун экологиялык трансформациясынын учурдагы тенденциялары жана стратегиялары.
Тренингдин катышуучулары климаттык саясаттагы глобалдык өзгөрүүлөр жана экологиялык күн тартибин банк секторунун ишмердүүлүгүнө интеграциялоонун практикалык инструменттери боюнча терең билим алышты. Көмүртектин изин кыскартууга жана климаттык чакырыктарга ыңгайлашууга багытталган туруктуу финансылык механизмдерди жана стратегияларды киргизүүнүн келечеги талкууланды.
Тренингди төмөндөгүлөр өткөрүштү:
Бүгүн, 2025-жылдын 13-февралында бул тренинг «Айыл Банк» ААК, «Банк Компаньон» ЖАК, «Дос-Кредобанк» ААК жана «Азия Банкы» ЖАК өкүлдөрү үчүн өткөрүлүүдө.
Туруктуу өнүктүрүү академиясы ESG жана туруктуу каржылоо жаатында маалымдуулукту жана көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча миссиясын улантууда.
Бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы кызматташууга чакырабыз!