Кабарлар

25 July 2017 • Локация не указана
– Компаньон Инвест: Кыргызстанда Исламдык каржылоону өнүктүрүү
Ислам каржылоосу деген эмне жана ал биздин өлкөдө кайсы тармакка тиешелүү? Бул суроону биздин өлкөнүн көп жарандары беришет. Бул суроону чогуу түшүндүрүүгө аракет кылып көрөлү. Негизи, каржылоонун салттуу концепциясы банктар жана финансылык уюмдар бир гана кредиттик жана акча каражаттары менен иштейт деген маанини билдирет. Ислам каржылоосу, тескерисинче, акчаны сооданын предмети катары кабыл албайт. (өзгөчө учурлардан […]
15 June 2017 • Локация не указана
– FINCA Bank жана «Ысык-Көл толкуну» радиосу «Финансы алиппесинин» экинчи этабын ишке киргизүүдө
8-июнда «Ысык-Көл толкуну» радиосунун эфиринде «Финансы алиппеси» радиоберүүсүнүн экинчи этабы чыкты. Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча демилгени FINCA Bank жана «Ысык-Көл толкуну» радиосу биргеликте ишке киргизди. Орус тилиндеги үч мүнөттүк чыгарылыштын биринчи бөлүгүн Ысык-Көл облусунун тургундары апрель айында угушкан. Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу FINCA Bank ишмердүүлүгүнүн бирден-бир багыты болгондуктан, ал радиоберүүлөрдүн демөөрчүсү гана болбостон, жеке […]
15 May 2017 • Локация не указана
– FINCA Банктын Кант шаарындагы Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы өттү
FINCA Банктын Кант шаарындагы Аманат кассасынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы 12-майда болуп өттү.   «Биз дайыма кардарларыбыздын ыңгайлуулугун ойлойбуз жана сиздерге жакын болгудай кылып кеңселерди ачууга умтулабыз», – деп Банк Башкармасынын мүчөсү Кай Ильм бул күнү чогулгандардын алдында сөз сүйлөдү.   Канттагы аманат кассасы өзүнүн иштөө убагында жөнөкөй жарандар жана ишкерлер менен бекем кызматташууга жетишти. […]
01 March 2017 • Локация не указана
– Компаньон Банкы насыялар боюнча акция баштады
Компаньон Банкы жазгы акция чегинде бир гана ушу жылдын 1 мартынан 31 мартына чейин бизнести өнүктүрүүгө жана топтук насыялар боюнча атайын шарттарды сунуштайт. Бул тууралуу банктын пресс-кызматы билдирди. Чакан жана орто бизнестер үчүн сомдук насыялар 4% төмөндөтүлдү. Мындан тышкары, бул акция мезгилинде жаңы кардарлар кошумча пайызсыз топтук насыя ала алышат. «Биз чакан жана орто бизнес […]
13 January 2017 • Локация не указана
– КР Улуттук банкы Демир Кыргыз Интернэшнл Банкына процессинг жана клиринг боюнча лицензияны берүү чечимин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2017-жылдын 11-январында «Демир Кыргыз Интернэшнл Банкы» ЖАКка үчүнчүжактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына, ошол процессинг жана клиринг борборуна берүү боюнча кызматтарды сунуштоо укугуна лицензияны берүү чечимин кабыл алды.